# КР 2010-жылдын 16-февралындагы № 30 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 16-февралындагы № 30 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 16.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4132/edition/764880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 16-февралындагы № 30 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202919

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 16-февралы № 30 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202919/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 37-статьянын 2-пунктундагы "9" деген цифра "7" деген цифрага алмаштырылсын.

2. 42-статьяда:

2-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Башкарманын жыйналышы ага Кыргыз банкынын Төрагасынын же анын орун басарларынын биринин же болбосо Төраганын милдетин аткаруучу адамдын милдеттүү катышуусу менен Башкарманын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болот."; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Башкарманын чечими Башкарманын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202919/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
