# КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4128/edition/824662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202915

---

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 1-февралы № 23 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202915/st-1)

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 35-статьянын 5-бөлүгүндөгү "каражаттары" деген сөздөн кийин ", ошондой эле гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына ташылып келинүүчү дары-дармек каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 50-статьяда:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Гуманитардык жардам иретиндеги дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алардын ишинин уставына ылайык эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан алынып келиниши мүмкүн."; 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын; 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы гуманитардык линия боюнча келип түшкөн дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү республикалык реестрин жүргүзөт."; 6-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын; 9-бөлүктөгү "дары-дармек каражаттары жөнүндө" деген сөздөр алынып салынсын, "мыйзамдарды" деген сөз "мыйзамдарын" деген сөз менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202915/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202915/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
