# 99-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 99-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-99

---

1. Иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйналышта жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.

2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт.

3. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-100)
