# 95-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2016 года № 218 "О внесении изменений в Конституцию Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111484)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913#diff=1137332..1137333>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 95-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-95

---

1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган учурлардан тышкары, аталган негиздер боюнча Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат орундарынан Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан Президент бошотот. Кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар жана мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

3. Судья каза болгондо, чектүү курагына жеткенде, кызматтан кеткенде же башка ишке өткөндө, аны каза болгон же дайынсыз жок деп жарыялаганда, аракетке жөндөмсүз деп тааныганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда жана кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан ушул негиздер пайда болгон күндөн баштап конституциялык мыйзамга ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Мында Жогорку соттун судьялары катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кызматынан бошотулат.

4. Судьяларды соттук тартипте кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

5. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Судьяларды тандоо кеңеши конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

6. Жергиликтүү соттордун судьяларын которууну (ротациялоону) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.

7. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция шайлайт.

8. Судьяларды тандоо боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши түзөт. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышын чакыруу анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин Судьялар кеңешинин төрагасына жүктөлөт. Эгерде Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы 10 жумушчу күндүн ичинде өткөрүлбөсө, аны өткөрүүнү Президент уюштурат. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны, мүчөлүккө талапкерлерге коюлуучу талаптар жана комиссиянын ишин уюштуруунун башка маселелери мыйзам менен аныкталат.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-96)
