# 93-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 93-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-93

---

1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

2. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн. Атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-94)
