# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 9-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-9

---

1. Кыргыз Республикасы татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды эркин өстүрүүгө, жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды иштеп чыгат.

2. Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына колдоо көрсөтүүнү, эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.

3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-10)
