# 87-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2016 года № 218 "О внесении изменений в Конституцию Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111484)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913#diff=1137332..1137333>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 87-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-87

---

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны болгон күндөн тартып Өкмөт кызматтан кетти деп эсептелет.

1. Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүч кылууга акылуу. Ал Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет.

3. Өкмөт түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантат.

4. Өкмөт кызматтан кеткен учурда Өкмөттүн жаңы курамы ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизүү мөөнөтүн эсептөө Президент тарабынан Премьер-министрдин же Өкмөттүн кызматтан кетиши кабыл алынган күндөн башталат.

5. Коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин - Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Президент аталган сунуштаманы алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап Президент 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет. (КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-88)
