# 75-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2016 года № 218 "О внесении изменений в Конституцию Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111484)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913#diff=1137332..1137333>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 75-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-75

---

1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына кирген депутаттардын ичинен алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, сот бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара иш аракеттерин камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн. Фракциялар коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготуусу Жогорку Кеңештин Төрагасынын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тастыктоо зарылдыгын жаратат. (КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-76)
