# 68-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2016 года № 218 "О внесении изменений в Конституцию Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111484)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913#diff=1137332..1137333>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 68-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-68

---

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр же Премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат.

Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-69)
