# 67-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 67-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-67

---

1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

2. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.

3. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.

4. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-68)
