# 53-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 53-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-53

---

1. Жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багып-көрөөрүнөн ажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги берилет.

2. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамда каралган жашоо минимумунан кем эмес өлчөмдө жашоо деңгээлин камсыздайт.

3. Ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоонун кошумча түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук колдоого алынат.

4. Мамлекеттин социалдык ишмердиги жарандын өзү жана өз үй-бүлөсү үчүн экономикалык жыргалчылыкка өзү жетишүүгө болгон экономикалык эркиндигин, жигердүүлүгүн жана мүмкүнчүлүгүн чектеген мамлекеттик камкордукка айланып кетпеши керек.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-54)
