# 42-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 42-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-42

---

1. Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ.

2. Ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу.

3. Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугуна ээ.

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 19-февралындагы чечими

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-43)
