# 36-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2016 года № 218 "О внесении изменений в Конституцию Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111484)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913#diff=1137332..1137333>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 36-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-36

---

1. Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык - бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.

2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.

4. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

5. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.

Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ. (КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-37)
