# 20-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2016 года № 218 "О внесении изменений в Конституцию Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111484)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913#diff=1137332..1137333>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 20-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-20

---

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

2. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

4. Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес:

1) өлүм жазасын, кыйноону, дагы башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюуларга чектөө;

2) алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;

3) кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган;

4) бала эмгегин эксплуатациялоого;

5) келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле адамды эркиндигинен ажыратууга;

6) инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого;

7) ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого;

8) тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;

9) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоого;

10) турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга.

5. Ушул Конституцияда белгиленген төмөндөгүдөй укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес:

1) ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу;

2) ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу;

3) жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу;

4) ой-пикир эркиндиги тууралуу;

5) диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу;

6) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин эркин аныктоо жана көрсөтүү;

7) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алуу;

8) соттук коргонуу;

9) мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу;

10) жарандын Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү укугу.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 16-январындагы чечими

Экинчи глава Адам укуктары жана эркиндиктери

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-21)
