# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 2-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-2

---

1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.

2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.

3. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби, референдумга коюлуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.

4. Шайлоо эркин болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

5. Мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-3)
