# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/202913)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112215)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-3/edition/1137332/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202913/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 12-берене (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-12

---

1. Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.

2. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.

Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечимисиз мажбурлоо менен мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган учурларда жол берилет. Мындай алып коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Мыйзамда аныкталган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу ал мүлктүн наркынын жана мүлкүнөн ажыратуунун натыйжасында келип чыккан башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.

5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Жеке менчикте болушу мүмкүн эмес жайыттарды кошпогондо, жер ошондой эле менчиктин жеке, муниципалдык жана башка формаларында болушу мүмкүн.

6. Менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202913/st-13)
