# КР 2010-жылдын 29-январындагы № 21 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 29-январындагы № 21 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202912>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4126/edition/369950/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202912.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 29-январындагы № 21 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202912

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 29-январы № 21

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202912/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-статья менен толукталсын:

"3-1-статья.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу, ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, атайын орнотулган флагштокто дайыма көтөрүлүп турат жана сутканын караңгы мезгилинде жарык кылынат:

- Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында;

- Ош шаарынын Борбордук аянтында.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында көтөрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу ардактуу кароолдун кайтаруусу менен камсыз кылынат. Ардактуу кароолду өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202912/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
