# КР 2010-жылдын 28-январындагы № 15 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 28-январындагы № 15 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202908>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4123/edition/719881/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202908.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 28-январындагы № 15 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202908

---

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 28-январы № 15 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202908/st-1)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2004-ж., № 2. 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьянын 1-пунктундагы "гранттардан," деген сөз алып салынсын.

2. 4-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын салык жана башка мыйзамдарында каралган жергиликтүү салыктар менен жыйымдар түздөн-түз жергиликтүү бюджеттерге түшөт.".

3. 6-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү кирешелерге төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы:

2) сатуудан салык;

3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык:

4) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;

6) мыйзам тартибинде белгиленген башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.";

4-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

4. 22-статьянын 1-пунктундагы "иштерди" деген сөз "маселелерди" деген сөз менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202908/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202908/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
