# 32-статья. Республикалык бюджеттин кирешелери

- Документ: ["Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202907)
- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 28-январындагы № 14 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202907/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4122/edition/719877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202907/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 32-статья (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202907/st-32

---

Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:

1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;

2) кошумча нарк салыгы;

3) акциздик салык;

4) пайдага салык;

5) кен байлыктарды пайдалануу үчүн салык (бонустар жана роялтилер);

6) атайын каражаттарга салык;

7) импорттук жана экспорттук бажы алымдары;

8) республикалык бюджеттен берилүүчү кредиттер (ссудалар) боюнча пайыздар;

9) адиске баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк бергендиги үчүн жыйым;

10) баалуу кагаздардын эмиссияларын каттагандыгы үчүн комиссиондук жыйым;

11) күрөөнү каттагандыгы, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден көчүрмө алгандыгы жана күрөөнү кошумча билдиргендиги үчүн жыйымдар;

12) транспорттук каражаттарды каттагандыгы (кайра каттагандыгы) үчүн жыйым;

13) консулдук жыйымдар;

14) туристтик жана альпинисттик иштерди жүргүзгөндүгү үчүн жыйым жана чегерүүлөр;

15) мыйзамсыз, анын ичинде лицензиялык тартип менен белгиленген ишти лицензиясы жок жүзөгө ашыруудан түшкөн кирешелер;

16) республикалык лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн кирешелер (лотерея боюнча ишти жүзөгө ашырууга укук бергендиги үчүн төлөм);

17) баалуу металлдардан жасалган зергердик (турмуш-тиричилик) буюмдарды сынактан өткөргөндүк жана эн тамга койгондук үчүн төлөм (баалуу металлдарга техникалык экспертиза жана контролдук талдоолор);

18) мамлекеттик менчикте турган объектилерди ижарага берүүдөн жана менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер;

19) концессиялык (чет өлкөлүк инвесторлорго мүлктү, жерди жана анын кен байлыктарын ижарага берүүдөн) кирешелер;

20) айлана чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм (анын ичинде булгоочу заттардын агындыларын, саркындыларын жана калдыктарды таштоочу жай үчүн төлөөлөр);

21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен реестрге ылайык мамлекеттик уюмдар көрсөткөн акы төлөмө кызматтарды жана иштерди аткаруудан түшкөн кирешелер;

22) альтернативалуу (аскердик эмес) кызмат өтөөдөн түшкөн кирешелер:

23) жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түшкөн кирешелер;

24) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине биротоло өткөн мүлктү, анын ичинде мамлекеттин пайдасына бажы режиминде баш тартуу жол-жоболоштурулган товарларды жана транспорт каражаттарын сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелер;

25) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан түшкөн кирешелер:

26) акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддерден түшкөн кирешелер;

27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;

28) жазык-аткаруу инспекцияларынын кирешелери;

29) материалдык баалуулуктардын уурдалышына жана кем чыгышына күнөөлүү адамдан төлөтүлүп алынуучу суммалар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү өндүрүп алуучу администрациялык айыптар жана санкциялар;

30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес, жана башка кирешелер.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202907/st-1)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202907/st-33)
