# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202907)
- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 28-январындагы № 14 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111339)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202907/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4122/edition/719877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202907/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 1-берене (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202907/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 19-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алынып салынсын.

2. 31-33-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"31-статья. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер

1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана башка кирешелерге төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) сатуудан салык;

3) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму;

6) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешелер;

7) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан же башка акы төлөнүп менчиктен ажыратуудан түшкөн кирешелер;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле бюджеттик мекемелер, аткаруу бийлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу органдар акы төлөтүп кызмат көрсөтүүдөн жана иш аткаруудан түшкөн кирешелер;

9) материалдык, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинин чараларын колдонуунун натыйжасында түшкөн каражаттар, атап айтканда: айып салуу, конфискация, компенсация;

10) мыйзам тартибинде белгиленүүчү башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер республикалык, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге түшүшү мүмкүн.

---

Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202907/st-32)
