# 7-2-статья. Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын жеткен

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202903)
- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 25-январындагы № 9 ""Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202903/st-7-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4118/edition/455516/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралуу, 7-2-статья (25.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202903/st-7-2

---

чеги

1. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында төмөндөгү куракка чейин кызмат өтөй алышат:

1) катардагы жана кенже башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 50 жашында отставкага бошотулат;

- 45 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

2) орто жана улук башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 55 жашында отставкага бошотулат;

- 50 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

3) жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 60 жашында отставкага бошотулат;

- 55 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

4) ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта болгондор:

- 65 жашында отставкага бошотулат;

- 60 жашында запаска бошотулууга укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ички иштер органдарында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жеткен чеги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү Жобосунда белгиленген тартипте 5 жылга узартылышы мүмкүн. Ички иштер органдарынын штаттык саны кыскарганда же түзүмдөрү жоюлганда кыскарып же жоюлуп жаткан кызматты ээлеген ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында 4 айдан ашпаган мөөнөткө калтырылуу менен кызматтарынан бошотулат. Ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдарга Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген тартипте жана өлчөмдө 4 ай бою акча төлөмдөрү төлөнөт. Бош штаттык кызмат орду пайда болгондо дайындоо ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдардын ичинен алардын мурдагы кызмат ордун жана атайын наамын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мындай учурда ротация жолу менен да кызматка дайындаса болот. Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын чегине жеткен кызматкерлер, ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылгандарды кошкондо, ички иштер органдарынын кызматынан бошотулууга тийиш.".

3. 10-статьянын 7- жана 8-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202903/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202903/st-2)
