Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Конституционный Закон КР от 17 июля 2023 года № 140 "О государственном языке Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-07-17.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 21-январы № 8 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 12-статья күчүн жоготту деп табылсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-глава менен толукталсын:
"7-1-глава Мамлекеттик тилди чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде пайдалануу
29-1-статья. Эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн иши мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде ишке ашырылат. Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон расмий мамилелерде Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттик тил, зарыл учурларда расмий тил, ошондой эле чет мамлекеттин мамлекеттик тили же эл аралык уюмдардын жумушчу тили колдонулат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 17.07.2023 · № 140
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөЗакон · 02.04.2004 · № 54 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 17.07.2023 · № 140