# КР 2010-жылдын 19-январындагы № 7 ""Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 19-январындагы № 7 ""Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4116/edition/455512/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 19-январындагы № 7 ""Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (19.01.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202901

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 19-январы № 7 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202901/st-1)

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 2-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелерин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.".

2. 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Конституциялык мыйзам менен ушул статьяда каралгандан башка кошумча акылар каралышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202901/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
