# Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 "2013-жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун - айыл өкмөтүнүн ашчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 "2013-жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун - айыл өкмөтүнүн ашчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1304/edition/486404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 "2013-жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун - айыл өкмөтүнүн ашчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (09.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20290

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 9-июлу № 119 2013-жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун - айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июнундагы № 106 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 28-июнундагы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3. Жумашов Жыргалбек Кубанычбекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

4. Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Максутбаевке жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
