# КР 2010-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4114/edition/387124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (01.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202899

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 191 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 18-январы № 4

"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202899/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 665-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202899/st-15)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн белгиленген чектөөлөр

1. Оюн-зоок жайларынын штатына 18 жаштан жаш эмес (толук жөндөмдүүлүгү бар) кызматкерлер алынышы зарыл.

2. Төмөнкүдөй жашка жеткендер гана оюн-зоок жайларынын кардарлары болушу мүмкүн:

- оюн-зоок залдары үчүн - (толук жөндөмдүүлүгү бар) 18 жаштагылар;

- казино үчүн - 21 жаштагылар.

3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- катуу мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;

- оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тартууга;

- оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.

4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде жалпы жүрүм-турум ченемдерине жана моралга тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кайсы бир кардардан оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу.

Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202899/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
