# 67-берене

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202897)
- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 13-январы № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202897/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4112/edition/387715/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу, 67-берене (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202897/st-67

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "67-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары

Облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун сунушу же өз демилгеси боюнча Президент тарабынан дайындалат жана бошотулат. Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин сунушу боюнча облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору тарабынан дайындалат жана бошотулат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жок болгон, өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгү болбогон же ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын милдеттерин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары аткарат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202897/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202897/st-2)
