# КР 2010-жылдын 13-январы № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 13-январы № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202897>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4112/edition/387715/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202897.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 13-январы № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202897

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 13-январы № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202897/st-1)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202897/st-67)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "67-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары

Облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун сунушу же өз демилгеси боюнча Президент тарабынан дайындалат жана бошотулат. Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин сунушу боюнча облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору тарабынан дайындалат жана бошотулат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жок болгон, өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгү болбогон же ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын милдеттерин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары аткарат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202897/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
