Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 15 июля 2011 года № 101 "О местном самоуправлении"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-07-15.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 13-январы № 1 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
67-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "67-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары
Облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары облустун мамлекеттик администрациясынын башчысынын - губернаторунун сунушу же өз демилгеси боюнча Президент тарабынан дайындалат жана бошотулат. Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары жана орун басарлары райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин сунушу боюнча облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору тарабынан дайындалат жана бошотулат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жок болгон, өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгү болбогон же ээлеген кызмат ордунан бошотулган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын милдеттерин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары аткарат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон