# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 24-августунун №124 "2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 24-августунун №124 "2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202893>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-121/edition/692505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202893.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 24-августунун №124 "2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө" Декрети (22.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202893

---

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 22-февралындагы № 91 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2010-жылдын 24-августу УӨ №124

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы,

7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында

Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь

окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад

облустарында курман болгондордун үй-бүлө

мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

жабыркаган жарандарын мамлекеттик

социалдык колдоо жөнүндө

2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаа-

рындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуя-

ларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондор-

дун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган

жарандарына мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз

Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Бул Декреттин күчү 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы,

7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы оку-

яларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облуста-

рында курман болгондордун төмөнкүдөй үй-бүлө мүчөлөрүнө карата колдону-

лаары белгиленсин:

- балдарына - алар он сегиз жашка толгонго чейин;

- пенсия курагына жеткен ата-энелерине (атасы, энеси) - курман

болгон адам жалгыз бала болгон учурда.

2. 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек

шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь

окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында жабыркаган жа-

рандарга (мындан ары - жабыркагандар) төмөнкүлөр кирээри белгиленсин:

- денесине оор, анча оор эмес жана жењил жаракат алган, соттук-ме-

дициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу бар жарандар;

- 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек

шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана Ош шаа-

рындагы жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларында алган мер-

тинүүлөрдүн кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар

деп табылган жарандар.

3. Төмөнкүлөргө кепилдик кылынган минималдуу кирешенин он эсе

өлчөмүндө кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпул чектелсин:

- курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө;

балдарына - алар он сегиз жашка толгонго чейин;

пенсия курагына жеткен ата-энелерине (атасына, энесине), курман

болгон адам жалгыз бала болгон учурда, - өмүр бою;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп табылган жа-

быркагандарга - майыптык белгиленген күндөн тартып соттук-медициналык

эксперттик комиссиялардын корутундуларынын жарактуулук мөөнөтү аякта-

ганга чейин.

Кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпулдарды чектөөнүн жана төлөп

берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

4. Жаракат жана мертинүү алып, жабыркаган жарандарга төмөнкүлөр

берилет:

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам

менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алка-

гында медициналык тейлөө жана жењилдетилген дары-дармек менен камсыз

кылуу;

- протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;

- соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгон учурда,

врачтардын корутундусу менен Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондунун

каражатынын эсебинен эки жыл бою жењилдетилген санаториялык-курорттук

жолдомолор.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар санаториялык-курорт-

тук дарылоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсызда-

лышат.

Жабыркаган жарандар иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилак-

торийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыздоодо артыкчы-

лыктуу укуктарга ээ.

5. Курман болгондордун балдары:

- мамлекеттик билим берүү уюмдарында мамлекеттик заказдын жана би-

лим берүү стандарттарынын чегинде орто жана жогорку кесиптик билим алу-

унун артыкчылыктуу укугуна ээ;

- мектепке чейинки балдар мекемелеринде орун менен кезексиз камсыз

кылынат.

6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы,

7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы оку-

яларда жана Ош шаарындагы жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы июнь окуя-

ларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле жабыркагандарга

төмөнкүдөй кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөөгө укуктуу:

- кошумча материалдык жардам;

- турак жай аянты менен камсыздоо;

- жеке турак жай курулушуна жана турак-жай-курулуш кооперативде-

ринде үйлөрдү курууга процентсиз ссуда берүү;

- курман болгондордун, ошондой эле жабыркагандардын муктаж болгон

үй-бүлөлөрүн отун менен камсыз кылуу;

- шаардык транспорттун бардык түрлөрүндө (таксини кошпогондо),

айыл жеринде - шаар тегерегиндеги жана шаарлар арасындагы каттаган ко-

омдук транспортто акысыз жүрүү менен камсыздоо.

7. Жабыркаган жарандар "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы-

га бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик

кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тар-

типте аскердик кызмат өтөөдөн бошотулаары белгиленсин.

8. Бул Декретте белгиленген социалдык кепилдиктерди каржылоо рес-

публикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдарына каршы келбеген бюджеттен тышкаркы башка булак-

тардын эсебинен ишке ашырылат.

9. Бул Декрет Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат

жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жа-

рандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

системасынын аскер кызматчыларына, кызматкерлерине жана билим берүү ме-

кемелеринин курсанттарына карата колдонулат.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыла-

рын үч айлык мөөнөттө ушул Декретке ылайык келтирсин.

11. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
