Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган жарандарын мамлекеттик социалдык колдоо жөнүндө» Декрети
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 февраля 2013 года № 91 "О Порядке назначения и выплаты дополнительного ежемесячного социального пособия членам семей погибших и пострадавшим лицам в результате событий, произошедших в апреле-июне 2010 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-02-22.
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 22-февралындагы № 91 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2010-жылдын 24-августу УӨ №124
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы,
7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында
Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь
окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад
облустарында курман болгондордун үй-бүлө
мүчөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
жабыркаган жарандарын мамлекеттик
социалдык колдоо жөнүндө
2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек шаа-
рындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь окуя-
ларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондор-
дун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыркаган
жарандарына мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз
Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Бул Декреттин күчү 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы,
7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы оку-
яларда жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облуста-
рында курман болгондордун төмөнкүдөй үй-бүлө мүчөлөрүнө карата колдону-
лаары белгиленсин:
- балдарына - алар он сегиз жашка толгонго чейин;
- пенсия курагына жеткен ата-энелерине (атасы, энеси) - курман
болгон адам жалгыз бала болгон учурда.
2. 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек
шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана июнь
окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында жабыркаган жа-
рандарга (мындан ары - жабыркагандар) төмөнкүлөр кирээри белгиленсин:
- денесине оор, анча оор эмес жана жењил жаракат алган, соттук-ме-
дициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу бар жарандар;
- 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 7-апрелинде Бишкек
шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуяларда жана Ош шаа-
рындагы жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларында алган мер-
тинүүлөрдүн кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар
деп табылган жарандар.
3. Төмөнкүлөргө кепилдик кылынган минималдуу кирешенин он эсе
өлчөмүндө кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпул чектелсин:
- курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө;
балдарына - алар он сегиз жашка толгонго чейин;
пенсия курагына жеткен ата-энелерине (атасына, энесине), курман
болгон адам жалгыз бала болгон учурда, - өмүр бою;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деп табылган жа-
быркагандарга - майыптык белгиленген күндөн тартып соттук-медициналык
эксперттик комиссиялардын корутундуларынын жарактуулук мөөнөтү аякта-
ганга чейин.
Кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпулдарды чектөөнүн жана төлөп
берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
4. Жаракат жана мертинүү алып, жабыркаган жарандарга төмөнкүлөр
берилет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам
менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алка-
гында медициналык тейлөө жана жењилдетилген дары-дармек менен камсыз
кылуу;
- протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
- соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгон учурда,
врачтардын корутундусу менен Эмгекчилердин ден соолугун чыњдоо фондунун
каражатынын эсебинен эки жыл бою жењилдетилген санаториялык-курорттук
жолдомолор.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар санаториялык-курорт-
тук дарылоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсызда-
лышат.
Жабыркаган жарандар иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилак-
торийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыздоодо артыкчы-
лыктуу укуктарга ээ.
5. Курман болгондордун балдары:
- мамлекеттик билим берүү уюмдарында мамлекеттик заказдын жана би-
лим берүү стандарттарынын чегинде орто жана жогорку кесиптик билим алу-
унун артыкчылыктуу укугуна ээ;
- мектепке чейинки балдар мекемелеринде орун менен кезексиз камсыз
кылынат.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы,
7-апрелинде Бишкек шаарындагы, 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы оку-
яларда жана Ош шаарындагы жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы июнь окуя-
ларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле жабыркагандарга
төмөнкүдөй кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөөгө укуктуу:
- кошумча материалдык жардам;
- турак жай аянты менен камсыздоо;
- жеке турак жай курулушуна жана турак-жай-курулуш кооперативде-
ринде үйлөрдү курууга процентсиз ссуда берүү;
- курман болгондордун, ошондой эле жабыркагандардын муктаж болгон
үй-бүлөлөрүн отун менен камсыз кылуу;
- шаардык транспорттун бардык түрлөрүндө (таксини кошпогондо),
айыл жеринде - шаар тегерегиндеги жана шаарлар арасындагы каттаган ко-
омдук транспортто акысыз жүрүү менен камсыздоо.
7. Жабыркаган жарандар "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы-
га бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик
кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тар-
типте аскердик кызмат өтөөдөн бошотулаары белгиленсин.
8. Бул Декретте белгиленген социалдык кепилдиктерди каржылоо рес-
публикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына каршы келбеген бюджеттен тышкаркы башка булак-
тардын эсебинен ишке ашырылат.
9. Бул Декрет Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат
жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жа-
рандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
системасынын аскер кызматчыларына, кызматкерлерине жана билим берүү ме-
кемелеринин курсанттарына карата колдонулат.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыла-
рын үч айлык мөөнөттө ушул Декретке ылайык келтирсин.
11. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №54 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.01.2012 · № 54
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы № 91 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга…Постановление · 22.02.2013 · № 91
- 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндөЗакон · 22.10.2012 · № 173
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-сентябрындагы №209 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы №124 «2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы…Постановление · 18.09.2010 · № 209 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №191 "«2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда каза болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 23.03.2012 · № 191 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №190 ""2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 23.03.2012 · № 190 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №333 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 17.12.2010 · № 333 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 665 "2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарды жана каза болгондордун…Постановление · 01.10.2012 · № 665 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 601 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 601 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 токтому менен бекитилген)Положение · 31.01.2012 · № 68