# КР УО 2010-жылдын 23-августунун № 123 " Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 23-августунун № 123 " Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202892>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-120/edition/457168/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202892.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 23-августунун № 123 " Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Декрети (23.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202892

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 23-августу УӨ № 123

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Салыктык милдеттенмелер боюнча эсептөөлөрдү оптималдаштыруу жана

энергетика компанияларынын керектөөчүлөргө эсептерди коюу процедурасын

жөнөкөйлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул

Декретти кабыл алат:

. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-

линдеги № 17 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине кошумча нарк салы-

гы бөлүгүндө өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу жана 2010-жыл-

дын 12-мартындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жо-

готту деп табуу тууралуу" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктундагы "кол коюлган күндөн" деген сөздөр "2010-жылдын

1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-

линдеги № 21 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сатуулардан алыну-

учу салык бөлүгүндө толуктоо киргизүү жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктундагы "кол коюлган күндөн" деген сөздөр "2010-жылдын

1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
