# КР УО 2010-жылдын 28-июлунун № 116 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен экономикалык зыян келтирилген ишкердик субъекттеринин бажылык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөсүн кийинкиге калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 28-июлунун № 116 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен экономикалык зыян келтирилген ишкердик субъекттеринин бажылык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөсүн кийинкиге калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-116/edition/457157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 28-июлунун № 116 "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен экономикалык зыян келтирилген ишкердик субъекттеринин бажылык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөсүн кийинкиге калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Декрети (28.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202888

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 28-июлу УӨ N 116

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн

окуялардын кесепетинен экономикалык зыян

келтирилген ишкердик субъекттеринин бажылык

жана социалдык төлөмдөрдү төлөөсүн кийинкиге

калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу жөнүндө

2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен зыян

келтирилген ишкердик субъекттерин колдоо, ошондой эле туруктуу экономи-

калык өнүктүрүүнүн натыйжалуу саясатын андан ары жүргүзүү, ишкердик

субъекттерин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз

Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Дек-

ретин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул

Декретти кабыл алат:

1. 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялар өзгөчө кырдаал-

дар катары таанылаары белгиленсин, алар бажылык максаттарда жана мамле-

кеттик социалдык камсыздандыруу максаттарында болтурбоого болбогон

күчтөрдүн жагдайы катары аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кыз-

маты болтурбоого болбогон күчтөрдүн жагдайынын жүрүшүндө экономикалык

зыян келтирилген ишкердик субъекттерине бажылык төлөмдөрдү төлөөнү кам-

сыз кылбастан жана кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып берген-

диги үчүн процент албастан бажылык төлөмдөрдү төлөөнү алты айга чейинки

мөөнөткө кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болтурбоого болбогон

күчтөрдүн жагдайынын жүрүшүндө экономикалык зыян келтирилген ишкердик

субъекттерине камсыздандыруучу төгүмдөр жана финансылык санкциялар бо-

юнча карыздардын суммасын төлөөнү банктык кепилдикти, күрөөнү талап

кылбастан жана кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып бергендиги

үчүн процент албастан "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мөөнөткө кийинкиге калтырып

жана/же мөөнөтүн узартып берсин.

4. Кийинкиге калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу болтурбоого болбо-

гон күчтүн жагдайынын кесепетинен келтирилген экономикалык зыянды анык-

тоо боюнча комиссия аныктаган жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтү бекиткен тизмеге киргизилген ишкердик субъектине берилиши

мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-

ретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

6. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
