# КР УО 2010-жылдын 19-июлунун № 107 " Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 19-июлунун № 107 " Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-111/edition/692464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 19-июлунун № 107 " Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Декрети (19.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202883

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 19-июлу УӨ № 107

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана

алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын

ээлөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону

бекитүү тууралуу

2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө)

кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга кир-

гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин

8-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-ап-

релиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, жана Кыргыз Республикасынын

сотторунун талаптагыдай иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын

орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө тиркел-

ген Убактылуу жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын

орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер ушул Декрет-

тин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орун-

дарына талапкерлерди дайындоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн тескемелери менен жүзөгө ашырылат;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жана

алардын орун басарларын, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо Кыр-

гыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен жүзөгө ашырылат;

- судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын

орун басарларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди дайындоо Кыргыз

Республикасынын жањы Конституциясына ылайык аларды дайындоого жана шай-

лоого чейинки мөөнөткө жүргүзүлөт.

3. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Судь-

яларды тандоо боюнча кењеш түзүлгөнгө чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
