# Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу"

- Толук аталышы: Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1301/edition/488358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу" (04.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20287

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-июлу № 116 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерди депутат деп таануу жөнүндө чечим кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Жылтырбеков Жанузак Керимбаевич, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылдык кеңешинин депутаты Жыргалов Эрлан Шабданбекович, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты Ахматов Эмил Бозжигитович жана Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Казакова Айгул Кумушбековналар боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү № 152, № 153, № 157 токтомдорунун бөлүктөрү жокко чыгарылсын (№ 1-тиркеме).

2. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери бекитилсин:

- Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 25-июнундагы № 5;

- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 17;

- Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-июнундагы № 13.

3. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын (№ 2-тиркеме).

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Максутбаевке жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 токтомунун № 1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттары

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Жалал-Абад облусу

1

Таш-Көмүр шаары

Жылтырбеков Жанузак Керимбаевич

№ 152, 15.12.2012

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

2

Челпек

Жыргалов Эрлан Шабданбекович

№ 153, 15.12.2012

Чүй облусу

Аламүдүн району

3

Кара-Жыгач

Ахматов Эмил Бозжигитович

№ 157, 15.12.2012

4

Таш-Дөбө

Казакова Айгул Кумушбековна

№ 157, 15.12.2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 токтомунун № 2-тиркемеси

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары

Жалал-Абад облусу

1

Таш-Көмүр шаары

Кылыев Маданбек Соурбекович

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

2

Челпек

Искаков Азамат Эгизбекович

Чүй облусу

Аламүдүн району

3

Кара-Жыгач

Джапаров Уланбек Токтогулович

4

Таш-Дөбө

Чекирова Атыркул Карыяевна
