Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-июлу № 115 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июнундагы № 106 токтому менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 28-июнуна дайындалып, бирок кворум болбой калгандыктан шайлоо өткөн эмес. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы башка кызматка которулгандыктан, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 18-июнь 2013-жылдагы № 120/1-б буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесиндеги 2, 5-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 26-июлуна дайындалсын:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо;
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
2. Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Максутбаевке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-июнундагы № 106 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын…Постановление · 11.06.2013 · № 106
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.