# КР УО 2010-жылдын 9-августунун № 117 "Кыргыз Республикасынын Ош Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Ош областындагы Кара-Суу, Араван райондорунда жана Жалал-Абад областындагы Сузак, Базар-Коргон райондорунда өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 9-августунун № 117 "Кыргыз Республикасынын Ош Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Ош областындагы Кара-Суу, Араван райондорунда жана Жалал-Абад областындагы Сузак, Базар-Коргон райондорунда өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-84/edition/692492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 9-августунун № 117 "Кыргыз Республикасынын Ош Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Ош областындагы Кара-Суу, Араван райондорунда жана Жалал-Абад областындагы Сузак, Базар-Коргон райондорунда өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө" Декрети (09.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202856

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 9-августу УӨ № 117

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Ош Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында,

Ош областындагы Кара-Суу, Араван райондорунда жана

Жалал-Абад областындагы Сузак, Базар-Коргон

райондорунда өзгөчө абалды жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ош Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Ош облас-

тындагы Кара-Суу, Араван райондорунда жана Жалал-Абад областындагы Су-

зак, Базар-Коргон райондорунда 2010-жылдын июнунда болуп өткөн жапырт

тополоњго байланыштуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук

тартипти калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын жогоруда

көрсөтүлгөн шаарлары менен областтарынын аймактарында жагдайды калыбына

келтирүү үчүн өзгөчө абал киргизилген. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында

кырдаал турукташты.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-

деги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областында, Ош областынын Ош,

Өзгөн шаарларында, Карасуу жана Араван райондорунда 2010-жылдын 10-ав-

густунан тартып өзгөчө абал жокко чыгарылсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2010-жылдын 19-майындагы №38 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад

областынын Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал кир-

гизүү жөнүндө" Декрет;

- 2010-жылдын 11-июнундагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Ош облас-

тынын Ош, Өзгөн шаарларында, Карасуу жана Араван райондорунда өзгөчө

абал киргизүү жөнүндө" Декрет;

- 2010-жылдын 12-июнундагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад

областынын Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал кир-

гизүү жөнүндө" Декрет;

- 2010-жылдын 19-июнундагы № 75 "Кыргыз Республикасынын Ош облас-

тынын Ош, Өзгөн шаарларында, Карасуу жана Араван райондорунда өзгөчө

абалды узартуу жөнүндө" Декрет;

- 2010-жылдын 21-июнундагы №79 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад

областында өзгөчө абалды узартуу жөнүндө" Декрет;

- 2010-жылдын 27-июнундагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад

областында, Ош, Өзгөн шаарларында, Ош областынын Карасуу жана Араван

райондорунда өзгөчө абалды узартуу жөнүндө" Декрет.

3. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
