# КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 88 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 88 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-82/edition/692446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202854.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 88 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө" Декрети (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202854

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 1-июлу УӨ № 88

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө

Кыргыз тилинин укуктук негизин өнүктүрүү жана чыњдоо, конституция-

лык статусун жогорулатуу маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин

уюштурууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып Кыр-

гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маданият

агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча департамент-

тин базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик

тил боюнча улуттук комиссия түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил

боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат

министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын

жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил бо-

юнча улуттук комиссиянын Жобосунун жана башкаруу схемасынын долбоорло-

рун;

- ушул Декреттен келип чыгуучу башка нормативдик укуктук актылар-

ды.

3. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-

ретке карама каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

5. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
