# КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттигин түзүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттигин түзүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-81/edition/692444/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттигин түзүү жөнүндө" Декрети (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202853

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 1-июлу УӨ № 87

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

кинематография агенттигин түзүү жөнүндө

Кинематография маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюшту-

рууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алуу менен Кыргыз

Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематог-

рафия агенттиги түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:

- кинематографиянын функцияларын жана мамлекеттик уюмдарын Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги-

не өткөрүп берсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематог-

рафия агенттиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-

раштуу Мамлекеттик кинематография агенттигинин жобосунун жана башкаруу

схемасынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бе-

китүүгө киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-

ретке карама каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

5. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт

бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Декрет расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
