# КР УО 2010-жылдын 1-июлунун №86 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө" Декретине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 1-июлунун №86 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө" Декретине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202852>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-80/edition/692442/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202852.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 1-июлунун №86 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө" Декретине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Декрети (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202852

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 1-июлу УӨ № 86

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын

26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият

министрлигин түзүү жөнүндө" Декретине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Маалымат маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюштурууну

өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретин жетекчиликке алып Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апре-

линдеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү

жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- Декреттин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Рес-

публикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө";

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик

агенттиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бо-

луп кайра түзүлсүн.";

- Декреттин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Маданият ми-

нистрлиги" деген сөздөр түрдүү жөндөмөдө "Маданият жана маалымат ми-

нистрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункттун экинчи абзацындагы "маданият министри" деген сөздөр

"маданият жана маалымат министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
