# КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 25 "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигин түзүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 25 "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигин түзүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-79/edition/457016/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202849.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 25 "Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигин түзүү жөнүндө" Декрети (26.04.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202849

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 26-апрели УӨ № 25

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча

министрлигин түзүү жөнүндө

Жаштар иштери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюштурууну

өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Рес-

публикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-

нистрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменттин базасында

ага жаштар иштери боюнча милдеттерди өткөрүп берүү менен Кыргыз Респуб-

ликасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн түзүмүнө, Кыргыз Рес-

публикасынын жаштар иштери боюнча министри Кыргыз Республикасынын Убак-

тылуу Өкмөтүнүн курамына кирери;

- жаштар иштери маселелери боюнча милдеттер бөлүгүндө Жаштар иште-

ри боюнча департамент менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орношту-

руу жана миграция министрлигинин укугун мурастоочу болуп эсептелери

белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги бир ай-

лык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-

нистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен биргеле-

шип документтерди, материалдык-техникалык баалуулуктарды, каржыларды,

штаттарды кабыл алууну-өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын;

- Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин жобо-

сунун, башкаруу схемасынын, түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорло-

рун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана

миграция министрлигинин жобосун ушул Декретке ылайык келтирүү боюнча

сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин.

4. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Декретке

каршы келбеген бөлүгүндө колдонулары;

- Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги мурда

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондуна таандык кылынган имаратта жай-

гаштырылууга тийиш экендиги.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул Дек-

реттин 4-пунктунда көрсөтүлгөн имаратта Кыргыз Республикасынын Жаштар

иштери боюнча министрлигин жайгаштыруу боюнча чараларды көрсүн.

6. Ушул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

7. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
