# КР УО 2010-жылдын 24-июлунун № 109 " Коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын акчалай жана натуралай түрдө киреше иретинде алган каражаттары жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 24-июлунун № 109 " Коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын акчалай жана натуралай түрдө киреше иретинде алган каражаттары жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202842>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-75/edition/692468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202842.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 24-июлунун № 109 " Коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын акчалай жана натуралай түрдө киреше иретинде алган каражаттары жөнүндө" Декрети (24.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202842

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 24-июлу УӨ № 109

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын

жарандарынын акчалай жана натуралай түрдө киреше иретинде

алган каражаттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бүлгүнгө учураган калктуу пункттарын калы-

бына келтирүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча

мамлекеттик колдоо жана иш чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдук иштерди аткаргандыгы

үчүн акчалай жана натуралай түрдө киреше иретинде алган каражаттары ки-

реше салыгы салынбаган киреше катары белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын жарандарына коомдук иштерди аткаргандыгы

үчүн эмгек акысынын суммасына камсыздандыруу взносу чегерилбей турган-

дыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана мигра-

ция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

иштери боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте акы төлөнүүчү коомдук

иштерди уюштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби тууралуу Жобонун долбоо-

рун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө кир-

гизсин.

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Декретке

карама каршы келбеген бөлүгүндө колдонула тургандыгы белгиленсин.

5. Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана

2012-жылдын 31-декабрын кошуп алганда күчүндө болот.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
