Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО « Кыргыз Республикасынын „Мамлекеттик алым жөнүндө“ Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Декрети
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 93
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамына (Кыр- гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-8-9, 722-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренесинин биринчи абзацындагы "нотариаттар" деген сөз "мам-
лекеттик нотариустар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "ыйгарым укуктуу органдар" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле
жеке нотариустар" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 7-беренеде:
- үчүнчү абзацындагы "нотариатка" деген сөздөр "мамлекеттик нота-
риуска" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- жеке нотариуска кайрылганда 90 процент өлчөмү жергиликтүү бюд- жетке, 10 процент өлчөмү - жеке нотариустун карамагына түшөт;".
2-берене.
Бул Декрет 2010-жылдын 22-мартынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Мамлекеттик алым жөнүндөЗакон · 15.08.2007 · № 153 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Мамлекеттик алым жөнүндөЗакон · 15.08.2007 · № 153 · Күчүн жоготкон