# КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 91 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы № 56 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине толуктоо киргизүү тууралуу" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 91 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы № 56 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине толуктоо киргизүү тууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-68/edition/692454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 1-июлунун № 91 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы № 56 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине толуктоо киргизүү тууралуу" Декрети (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202835

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 1-июлу УӨ № 91

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын

7-июнундагы № 56 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик

коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декретине

толуктоо киргизүү тууралуу

Банк системасынын жана төлөм системасынын туруктуулугун камсыздоо,

коомдогу социалдык чыњалууну жоюу, аманатчылардын жана кредиторлордун

кызыкчылыгында активдердин сакталышын камсыздоо, "АзияУниверсалБанк"

ачык акционердик коомунун финансылык абалынын начарлашын болтурбоо мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл

алат:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнун-

дагы №56 "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү

жөнүндө" Декретине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Ушул Декреттин негизинде "АзияУниверсалБанк" ААКынын консер-

ватору жана акционерлеринин реестринин кармоочусу "АзияУниверсалБанк"

ААКынын акционерлеринин реестринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

мүлк министрлигинин өздүк эсебин ачсын жана ушул өздүк эсепке "АзияУни-

версалБанк" ААКынын бардык акционерлерине таандык акцияларды котор-

сун.".

2. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
