# КР УО 2010-жылдын 19-июнунун № 77 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 19-июнунун № 77 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202834>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-67/edition/692425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202834.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 19-июнунун № 77 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Декрети (01.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202834

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 19-июну УӨ № 77

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарындагы

тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана

юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар,

жењилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду

турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча

чаралар жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-октябрындагы УӨ № 133 Декретинин редакциясына ылайык)

2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областарын-

дагы болгон тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан экономикалык иш-

тин субъекттерине жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана

региондун мындан аркы туруктуу экономикалык өнүгүшү боюнча чараларды

көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти

кабыл алат:

1. Экономикалык жана инвестициялык активдүүлүккө дем берүүнүн, иш-

кердикти өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүнүн төмөнкү чаралары

белгиленсин:

а) калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программасынын аракеттерине

туш келген калктуу конуштарда каттоого турган жана иш жүргүзгөн эконо-

микалык иштин субъекттерин 2010-жылдын 1-июнунан тартып 2012-жылдын

31-декабрына чейин пайдадан алынуучу салыкты жана сатуудан алынуучу са-

лыкты төлөөдөн бошотуу;

б) калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программасынын колдонулушуна

туш келген жабыркаган калктуу конуштарда өз ишин жүзөгө ашырып

жүргүзгөн чакан жана орто бизнестин субъекттери 2010-жылдын 1-июнунан

тартып 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде патенттерди (казинону,

оюн автоматтарын, сауналарды жана бильярддарды албаганда), бирдиктүү

салыкты, салыктык контракттын негизиндеги салыкты төлөөдөн 100 пайыз

өлчөмдө жана 2012-жылга карата 50 пайыз өлчөмдө бошотуу;

в) калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программасынын колдонулушуна

туш келген калктуу конуштарда каттоого турган жана иш жүргүзгөн чарба

жүргүзүүчү субъекттер импорттоочу негизги каражаттар жана жабдуулар

2010-жылдын 1-июнунан тартып 2012-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде

бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу;

г) каттоого туруу менен калыбына келтирүү жана өнүктүрүү програм-

масынын колдонулушуна туш келген калктуу конуштарда иш жүргүзгөн ишкер-

диктин субъекттерине салынган камсыздандыруу төгүмдөрүн 2010-жылдын

1-июнунан тартып 2012-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкүдөй

өлчөмдө шарттуу төлөөсүн кабыл алуу:

- 100 жумушчу орунга чейин болгон шартта жумуш берүүчүлөр тарабы-

нан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелген суммасынын 30 пайызы;

- 100 жумушчу орундан ашык болгон шартта жумуш берүүчүлөр тарабы-

нан камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелген суммасынын 50 пайызы;

д) (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-октябрындагы УӨ № 133

декретине ылайык күчүн жоготту);

е) ушул Декрет менен каралган салыктарды төлөөдөн бошотуу

отчетторду жана декларацияларды берүүнү жокко чыгарбайт. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-октябрындагы УӨ № 133 декретинин редакциясына ылайык);

2. Тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан экономикалык иштин

субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн төмөнкү

чаралары белгиленсин:

а) болтурбай коюуга болбогон күчтүн натыйжасында зыян келтирилген

салык төлөөчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330 жана

344 -беренелерине ылайык жер салыгын жана мүлккө салынуучу салыктан

2012-жылдын 31-декабрына чейин бошотуу;

б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык

кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы

кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- болтурбай коюуга болбогон күчтүн натыйжасында аларга зыян келти-

рилген субъекттердин пайыздар, каржы жана айып санкциялары боюнча

2010-жылдын 1-июнуна абал боюнча карыздарын жойсун;

- аларды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу-

суз (банктык кепилдикти, күрөөнү жана күбө болууну берүүсүз) камсыздан-

дыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча жана болтурбай коюуга болбогон окуялардын

күчүнүн натыйжасында зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин салык-

тык карыздарынын суммасына жана бажы төлөмдөрүн, камсыздандыруу

төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздарына карата 2010-жылдын 1-июнуна абал

боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жана

ушул Декреттин жоболорун эске алуу менен мөөнөтүн узартуу жана/же

мөөнөтүн бөлүп артка жылдыруу берилсин.

Ушул пункт менен каралган мөөнөттү узартуу жана/же мөөнөтүн бөлүп

артка жылдыруу ишкердиктин субъекттерине 3 жылга чейинки мөөнөткө жазуу

түрүндөгү арыз боюнча берилет;

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык

кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жабыр тарткан иш-

керлер менен жарандар үчүн 6 айга чейин 2010-жылдын май-июлу үчүн от-

четторду берүү боюнча мөөнөттү артка жылдырсын.

3. Ушул Декреттин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтү тарабынан бекитилген атайын реестрге киргизилген калктуу конуш-

тарга, экономикалык иштин субъекттерине, жеке жактарына жайылтылат.

4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү башка ченемдик укуктук

актыларын ушул Декретке ылайык келтирсин.

5. Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
