# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 12-июнунун № 66 "Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 12-июнунун № 66 "Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-66/edition/692398/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 12-июнунун № 66 "Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө" Декрети (12.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202832

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 12-июну УӨ №66

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө

Артында Бакиевдер турган саясий күчтөр Кыргыз Республикасында

үй-бүлөлүк башкаруу системасын кайра калыбына келтирүү жана 2010-жылдын

7-апрелиндеги элдик революциянын жетишкендиктерин жаманатты кылуу мак-

сатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө каршы активдүү ара-

кеттерди жүргүзүп жатышат.

Элге каршы контрреволюциячыл күчтөр тымызын курал, ок-дарыларды,

акча таратышып, Ош шаарында жана ага жакын калктуу конуштарда улуттар

аралык кагылышуу уюштурушту.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бүтүндүгү жана көз каранды эместиги

коркунучта.

Ушул айтылгандардын негизинде, бүтүндүктү, көз каранды эместикти

жана жетишилген элдик жењишти сактап калуу максатында, жарандардын

алардын укуктарын жана жеке коопсуздуктарын камсыздоо жөнүндө талапта-

рын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасында бирдиктүү ыктыярдуу элдик кошуундар

түзүлсүн.

2. Ыктыярдуу элдик кошуундун республикалык оперативдүү штабынын

башчысы болуп Солдашенко Н.А. дайындалсын.

3. Ыктыярдуу элдик кошуундун негизги максаты - Кыргыз Республика-

сынын бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн сактоого жана саясий стабилдүүлүктү

камсыздоого жардамдашуу белгиленсин.

4. Ыктыярдуу элдик кошуундун республикалык оперативдүү штабы өз

катарларына патриот жарандарды, укук коргоо органдарынын жана күч

түзүмдөрүнүн запастагы офицерлерин тартсын.

5. Бардык мамлекеттик органдар ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүүгө

жана уюштурууга ар тараптуу жардам беришсин.

6. Ыктыярдуу элдик кошуундар өз ишин Кыргыз Республикасынын мый-

замдарына ылайык укук коргоо органдары менен биргелешип жүргүзүшөөрү

белгиленсин.

7. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишин жалпы координациялоо Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлигине тапшырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги зарыл болгон

учурда аныкталган тартипте ыктыярдуу элдик кошундун мүчөлөрүн куралдоо

укугуна ээ.

9. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Фи-

нансы министрлигине тапшырылсын.

10. Ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

11. Ушул Декрет кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпы

республикадагы кырдаал стабилдештирилгенге чейин иш жүзүндө болот.

12. Ушул Декреттин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүсү Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укук тар-

тиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
