# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 10-июнунун № 63 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 10-июнунун № 63 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202831>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-65/edition/692392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202831.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 10-июнунун № 63 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Декрети (10.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202831

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 10-июну УӨ №63

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга

катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу

боюнча кошумча чаралар жөнүндө

Жарандардын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кы-

луу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын

7-апрелиндеги №1 Декретине жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Эгерде референдумдун катышуучусу, ал референдумдун катышуучула-

рынын тизмесине киргизилген участок жайгашкан жайга келүү

мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон жана ажыратуу күбөлүгү жок болгон учурларда,

анда ал добуш берүү күнүндө өзү турган референдум участогунда добуш

берүүгө катышууга укуктуу экени белгиленсин.

Мындай учурларда жаран тиешелүү референдум комиссиясына жүйөөлөрүн

баяндоо менен арыз берет жана референдумдун катышуучуларынын кошумча

тизмесине киргизилет, паспорту же аны алмаштыруучу документи боюнча ага

добуш берүү үчүн бюллетень берилет.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү бо-

юнча борбордук комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык кел-

тирсин.

3. Ушул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
