# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 10-июнунун № 62 "Кыргыз Республикасында этил спиртинин жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 10-июнунун № 62 "Кыргыз Республикасында этил спиртинин жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202830>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-64/edition/692390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202830.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 10-июнунун № 62 "Кыргыз Республикасында этил спиртинин жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Декрети (10.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202830

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 10-июну УӨ №62

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасында этил спиртинин

жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салууну

камсыздоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө

Этил спиртин чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекет-

тик жөнгө салууну, этил спиртин контрабандалык алып келүүгө жана конт-

рафакт продукцияны чыгаруу үчүн пайдаланууга бөгөт коюуну, бюджетке са-

лыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн, калктын ден соолугун сактоону кам-

сыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жыл-

дын 7-апрелиндеги №1 Декретине таянып, Кыргыз Республикасынын Убакты-

луу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 13-октябрындагы №269 "Этил спиртин жана алкоголдук продук-

цияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйза-

мы этил спиртин чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууга ти-

ешелүү бөлүгүндө токтотула турсун.

2. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин

чыгарууга, импорттоого, чыгарылган жана республикага импорттолуп келген

этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин ал-

дындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жана

жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция этил спиртин чыга-

рууга жана жүгүртүүгө өтүнмөлөрдү кароону жана лицензияларды берүүнү

токтото турсун.

4. Этил спиртин пайдалануучу чарбакер субъекттер "Кара-Балта спирт

заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин берүүгө жана сатууга жарак-

туу контракттарды макулдашуу үчүн беришсин.

5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги 10

күндүк мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:

- "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүр-

түүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-

нын 11-беренесине ылайык этил спиртин чыгаруу көлөмүн жана/же жүгүртүү-

нү декларациялоо тартиби жөнүндө жобонун долбоорун;

- Кыргыз Республикасынын КМС 180 22005:2010 "Тамак-аш азыктарынын

жана тоюттардын тизмегин көзөмөлгө алуу. Системаны долбоорлоого жана

ишке киргизүүгө жалпы принциптер жана негизги талаптар" улуттук стан-

дартына ылайык Этил спиртин чарбакер субъекттерге берүүнүн жана Кыргыз

Республикасында өндүрүлүүчү этил спиртин аны өндүрүү, сактоо, ташуу,

сатуу жана экспорттоо стадияларында, ошондой эле республикага импортто-

луучу этил спиртин көзөмөлгө алуунун тартиби жөнүндө жобонун долбоорун.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актылары

ушул Декретке каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

7. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Экономикалык тескөө министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансылык

полиция мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

салык кызматына тапшырылсын, алар ушул Декретти аткаруунун жүрүшү жө-

нүндө ай сайын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн жыйындарында

маалымат берип турушсун.

8. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
