# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202827)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январынын №19 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202827/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4111/edition/490057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202827/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө, 12-берене (26.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202827/st-12

---

2010-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөөчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрүнүн чегерүүлөрдүн төмөнкү ченемдери бекитилсин:

- республикалык маанидеги шаарларга - 35 пайыз өлчөмүндө;

- областтык маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;

- райондук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;

- райондорго - 30 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).

Сатуудан түшкөн салыктар жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин:

- республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;

- областтык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;

- райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;

- райондорго - 25 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);

- айылдардан, поселоктордон - 25 пайыз өлчөмүндө.

Милдеттүү патенттештирүү негизиндеги салык республикалык маанидеги шаарлардын, областтык маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын, айыл жана поселоктордун жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө чегерилсин. Жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизиндеги түшүүлөр 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттердин тескөөсүндө калтырылсын. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарынын суммаларынан түшүүчү атайын каражаттарга салык жергиликтүү бюджетке кошуп эсептөөгө тийиштүү. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202827/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202827/st-13)
