# Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 19-июну № 76 " Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 19-июну № 76 " Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-61/edition/692422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 19-июну № 76 " Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Декрети (19.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202825

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын 19-июну УӨ № 76

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө 2010-жылдын июнундагы окуялардан жабыркаган Ош жана Жалал-Абад шаарларын тез арада калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү, ошондой эле жарандардын жашоо-турмушу, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция)түзүлсүн.

2. Мамлекеттик дирекциянын башкы директорун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы дайындайт жана анда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарынын статусу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөндөн кийин - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин статусу болот.

3. Мамлекеттик дирекциянын башкы директору төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин:

- бир апталык мөөнөттө Мамлекеттик дирекция жөнүндө жобонун, анын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин долбоорлорун;

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун;

- төмөнкүлөрдү түзүү боюнча сунуштарды:

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды топтоочу атайын фондду; жогоруда аталган Атайын фонддун каражаттарын сарптоону контролдоо боюнча байкоо кеңешин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Мамлекеттик дирекцияны түзүү боюнча бардык уюштуруучу-техникалык жана финансылык маселелерди эки апталык мөөнөттө чечсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Мамлекеттик дирекциянын ишин каржылоо үчүн зарыл каражаттарды караштырсын;

- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

6. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева
