# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 11-июнунун №65 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларына жана Кара-Суу, Араван райондоруна өзгөчө абал киргизүү тууралуу" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 11-июнунун №65 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларына жана Кара-Суу, Араван райондоруна өзгөчө абал киргизүү тууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202824>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-60/edition/692396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202824.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 11-июнунун №65 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларына жана Кара-Суу, Араван райондоруна өзгөчө абал киргизүү тууралуу" Декрети (11.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202824

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 11-июну УӨ №65

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн

шаарларына жана Кара-Суу, Араван райондоруна

өзгөчө абал киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарында жана Кара-Суу рай-

онунда жаштар арасында чыккан кагылышууга байланыштуу, жарандардын

коопсуздугун камсыз кылуу жана абалды турукташтыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Убактылуу Өкмөтү 2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргыз Рес-

публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн №1 Декретин жетекчиликке алып ушул,

Декретти кабыл алат:

1. 2010-жылдын 11-июнунун 02.00 саатынан тартып 2010-жылдын 20-ию-

нуна чейин саат 20.00дон тартып саат 06.00га чейинки коменданттык саат-

тын мөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын Ош жана Өзгөн шаарларында, Ка-

ра-Суу, Араван райондоруна өзгөчө абал киргизилсин.

2. Өзгөчө абал киргизилген убакыт аралыгында Кыргыз Республикасы-

нын Ички иштер министринин биринчи орун басары Алымбеков Бактыбек Ма-

данбековичти Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларынын, ошондой эле, Кара-Суу

жана Араван райондорунун коменданты болуп дайындалсын.

3. Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларынын, Кара-Суу жана Араван район-

дорунун коменданты Б.М.Алымбеков Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө кырда-

алдар жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамына ылайык адамдардын өмүрүнө

коркунуч келтирген массалык башаламандыктарды токтотуу, алдын алуу жана

жоюу максатындагы иш-чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Ички иштер минист-

рлиги, Ички иштер министрлигинин Ички аскери жана Кыргыз Республикасы-

нын Улуттук коопсуздук кызматы:

- Көргөзүлгөн аймактарда коомдук тартип орнотуу максатында Ош,

Өзгөн шаарларынын жана Кара-Суу, Араван райондорунун коменданты

Б.М.Алымбековдун жетекчилиги алдында бирдиктүү оперативдүү штаб түзсүн;

- Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген массалык башаламандыктарды

токтотуу, алдын алуу жана жоюу максатындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу

максатында Ош, Өзгөн шаарларынын жана Кара-Суу, Араван райондорунун ко-

менданты Б.М.Алымбековго колдо болгон баардык күч жана каражаттар жагы-

нан ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

5. Бул декрет кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
